“Северэлектро” ААКда катардагы кыргыз тил кабинети ачылды...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 07 августа 2018

“Северэлектро” ААКнын Чүй райондук электр тармактарында (РЭТ) катардагы кыргыз тил кабинети ачылды. Бул жерде көрсөтүлгөн байыркы кыргыз элинин турмуш-тиричилигине,  өнөрчүлүгүнө байланышкан буюмдарды РЭТ кызматкерлери Кыргызстандын ар тарабынан чогултушкан. Алардын арасында көчмөн кыргыздар колдонуучу булгаары жана кийизден жасалган буюмдар, жаргылчак - таштан жасалган кол тегирмен, жыгач уста тарабынан жасалган атка жана топозго салынуучу ээр бар. Андан сырткары, жыгач уста тарабынан жасалган – идиш-аяк, бешик, сундук жана кымызды салчуу жыгач идиш турат. Ошондой эле, экспозицияга эркектин жана айымдын улуттук кийимдери киргизилген.   

Чакырылган коноктор да кур келген жок: кыргыз тил кабинетинин китеп такчасы Северэлектропрофсоюз төрагасы Адылбек Курбанбаев тарабынан белеке берилген Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз тому менен толукталды.

Белгилей кетсек, “Северэлектро” ААК боюнча бул он экинчи кабинет: мындай кыргыз тил кабинеттери Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Кемин, Ысык-Ата, Кант райондук электр тармактарында жана Бишкек шаарындагы Чыгыш, Батыш РЭТтеринде, Бишкек шаарынын электр энергия сатуу кызматында, “Северэлектро” ААКнын Талас филиалында ачылып иштөөдө. 

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 16-ноябрь, шейшенби күнү «Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт.

Аталган конуштарды электр менен камсыздоо “Главная”,“Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” жогорку чыңалуу подстанциялардан жүргүзүлөт, анда 10 кВ аба чубалгынын узундугу 30 чакырымга чейин жетет.