«Северэлектро» ААКда балдардын электр травматизмин алдына алуу боюнча иштери жүрүүдө...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 24 сентября 2018

Сентябрь айында “Северэлектро” ААКнын райондук электр тармактарынын адистери  Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарындагы окуучуларга дагы бир ирет электр тогунун кооптулугу тууралуу эскертишти.

Жылда май жана сентябрь айларында акционердик коом тарабынан өткөрүлгөн балдардын электр травмаларын алдын алуу боюнча айлыгынын алкагында энергетиктер райондук элдик билим берүү бөлүмдөрүнө жалпы билим берүү мекемелерине профилактикалык-түшүндүрмө иштерин өткөрүүгө жардам көрсөтүү үчүн кайрылышкан.

Катышуучулар менен талкуулаш үчүн “Северэлектро” ААКнын энергетиктери электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелери, электр жабдууларынын жанына жакындоо коркунучтары тууралуу маалыматтарды жана “Электр жабдууларын туура колдонуу жана электр жабдууларына жакындоонун натыйжалары”  тууралуу көрсөтмөлүү материалдарды даярдашты.

Электр тогу бар тосмолорго, трансформатордук көмөкчордондорго, бөлүштүрүү пунктарына жана башка электр курулуштарга кирүү, бузук электр орнотмолорду жана үзүлгөн зымдарды кармоо 16 жашка чейинки балдардын электр тарвматизмге кабылуусунун негизги себеби болуп саналат.

Окуучулар менен жолушуулардан сырткары, энергетиктер электр жабдууларга жакындоо коопту экенин калкка райондук басылмаларнан да эскертти.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Бүгүн, 22-декабрда “Северэлектро” ААК 110/10 кВ “Алтын Казык” жогорку чыңалуудагы жаңы көмөкчордонду ишке киргизди.

Сиздерди 22-декабрь - Энергетиктер күнү – кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет.