«Северэлектро» ААК Кыргызстандын борбор калаасындагы эскирген электр берүүчү кабель чубалгыларын жаңылоодо...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 03 апреля 2019

Шаршемби күнү, 3-мартта, Бишкек шаарында «Северэлектро» ААК №4 шаардык оорукана тарапта 10 кВ чыңалуусундагы эскирген кабель чубалгыларын алмаштыруу боюнча иштерин алып барууда. Бул чубалгынын жалпы узундугу 520 метрди түзөт, бүгүнкү күнгө анын  270 метри алмаштырылган.

 

Ишке «Северэлектро» ААКнын борборлоштурулган кабель чубалгыларын оңдоо кызматы (БКЧОК) тартылган. Жаңы кабелди тартуу үчүн электр куроочулар Айни көчөсүнүн участогунда (№4 шаардык оорукана территориясында) 80 см тереңдиктеги траншеяны даярдап коюшту.  Кайрадан жаңы тартылып жаткан жогорку вольттогу россиянын кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгү 185мм² түзөт, ал 1975-жылы тартылган эски кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгүнөн (150мм² ) бир топ жогору.

“Эскирген кабель чубалгыларын жаңылоо боюнча иштердин натыйжасында №4 Бишкек шаардык  клиникалык ооруканасынын, Республикалык кан борборунун өндүрүш корпустарынын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгү жогорулайт. Жалпысынан оорукана тарапта 2,5 чакырым эскирген кабель чубалгылары реконструкцияланат”,- деп БКЧОКтун жетекчиси Азамат Курманов билдирди.

«Северэлектро» ААК 2019-жылдын соңуна чейин борбор калаадагы  6/10 кВ чыңалуусундагы эскирген кабель чубалгыларынын 52,7 чакырымын алмаштырууну мерчемдөөдө. Учурда кабель чубалгысын алмаштыруу иштери Логвиненко/Бөкөнбаев, Тыныстанов/Түгөлбай Ата көчөлөрүнүн участокторунда жүрүүдө.   

Эскирген 6/10 кВ кабель чубалгыларынын реконструкциясынан сырткары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгыларын куруу боюнча иштер да жүргүзүлөт. 2019-жылы Бишкекте 2 чакырым 35 кВ кабель чубалгысы курулат.

МААЛЫМКАТ

«Северэлектро» ААКнын балансында Бишкек шаары боюнча 955 чакырым 35/10/6 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгылары бар. Борбордо 2012-2018ж.ж. аралыгында жер алдындагы 35/10/6 кВ кабель чубалгыларынын 174,6 чакырымы реконструкцияланган.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 31-майдан тарта «Северэлектро» ААК 7 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо.