"Северэлектро" ишканасы Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн тилкелеринде жаңы кабель тартууда
Бөлүшүү
Жарыяланган: 18 апреля 2019

"Северэлектро" ААКсы Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн тилкелеринде жаңы кабель тартууда.

Эски кабелдер 1956-1970-жылдар аралыгында салынып, азыркы шартка туура келбейт.

"Жалпы бул тилкеде узундугу 1970 метр болгон 5 кабель алмаштырылат. Эски кабелдер 1956-1970-жылдары салынган. Анын өткөрүмдүүлүгү (120-150 мм²) аз болуп, азыркы шартка туура келбейт. Азыркы салынып жаткан, Россияда өндүрүлгөн кабелдин өткөрүмдүүлүгү 185 мм². "Северэлектро" ААКсы 2019-жылдын аягына чейин 52,7 чакырым 6, 10 кВ чыңалуудагы эски кабелдерди алмаштырууну пландоодо.

Азыркы тапта Бөкөнбаев менен Логвиненко, Тыныстанов менен Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн тилкелеринде кабель алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Кабель алмаштыруу иштеринен тышкары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы жаңы кабель линияларын куруу иштери жүрөт. 2019-жылы Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы эки чакырым кабель курулат.

Ишкананын билдиргени боюнча, "Түндүкэлектр" ААКсынын балансында Бишкек шаары боюнча 955 чакырым 35, 10, 6 кВ чыңалуудагы кабелдик линиялар бар. 2012-2018-жылдары Бишкекте жер астындагы 174,6 чакырым кабель реконструкция болгон.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 31-майдан тарта «Северэлектро» ААК 7 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо.