«Северэлектро» ААК Жарандык коргоо органдары менен биргеликте республикалык штабдык-командалык машыгууга катышты
Бөлүшүү
Жарыяланган: 22 мая 2019

Северэлектро» ААК КРнын премьер-министри Абылгазиевдин жетекчилиги алдында “Жарандык коргоо жана башкаруу органдарынын кооптуу абалда жана өзгөчө кырдаалда жасаган аракети” аттуу темада республикалык штабдык-командалык машыгууга катышты.  

“Имиш боюнча Чүй облусунда жер титирөө болот, эпицентри болгон Москва районунда жер титирөөнүн күчү 8 баллга жетет. Өрт чыгып, үйлөр кулап, суунун деңгээли кыска убакыттын ичинде көтөрүлүп, суу каптап баштады”- деп «Северэлектро» ААКнын Жарандык коргоо штабынын башчысы Тойчу Джусупов айтып берди.

Атайын даярдыктан өткөн башкаруу командасы - аймактык электр камсыздоо жана жарык болуп турган нерселерди жашыруу кызматы,  штаб кызматы  машыгуулардын учурунда

  • табигый кооптуу өзгөчө кырдаалдарда (сел, өрт) жана анын кесепеттеринде келип чыккан жагдайларга баа берүү ыкмаларын жакшыртты
  • башкаруу органдарынын ортосундагы ар кандай баскычтагы өз ара аракеттенүү маселелери чечилди,
  • табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын, ошондой эле запасын такташты.

Практикалык ыкмалар Москва районунун аймагындагы полигондо аткарылып жатты. Чатыр шаарда (30 чатыр) медициналык, коммуналдык-техникалык, санитардык-эпидемиологиялык, инженерлик кызматтары, андан тышкары байланыш, электр энергиясы менен камсыз кылуу, газ менен камсыз кылуу, суу менен камсыз кылуу, өсүмдүктөрдү коргоо кызматтары бири-бири менен тыгыз иш алып барышты.

Энергетика жана жарык болуп турган нерселерди жашыруу кызматтарынын штабдык машыгууларынын жетекчиси “Северэлектро” ААКнын Башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Темиркул Дайыровдун катышуусунда – акционердик коомдун жана жарандык коргоонун өздүк курамы жер титирөөдө куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан катышуучуларды электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин ырааттуу аткарышты.

Энергетиктер белгиленген убакыттын ичинде Ак-Суу айыл аймагындагы үзгүлтүккө учураган электр камсыздоону калыбына келтиришти. Калыбына келтирүү иштерин аткаруу учурунда техникалык коопсуздукту сактоо маанилүү.

 

«Машыгуу маалында “Севеэлектронун” жарандык коргоо штаттык күчүнүн чогултуу системасы жана белгиленген мөөнөттө отчет, башкаруу пункттарын, алардын байланыш жабдуулары куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн текшерилди”-деп билдирди тармактарды иштетүү, оңдоо жана өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Улан Манапбаев.

Машыгуулар аягында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жасаган иши үчүн Москва РЭТинин башкы инженери Рустам Мырзабеков КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусунун башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 16-ноябрь, шейшенби күнү «Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт.

Аталган конуштарды электр менен камсыздоо “Главная”,“Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” жогорку чыңалуу подстанциялардан жүргүзүлөт, анда 10 кВ аба чубалгынын узундугу 30 чакырымга чейин жетет.