Электр энергиясын үнөмдөп, жаратылышты келечекте сактайлы
Бөлүшүү
Жарыяланган: 28 августа 2019

14-августтан 24-августка чейин көгүлтүр көлдүн жээгиндеги өспүрүмдөрдүн “Жетиген” лагеринде КРнын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен биргеликте эл аралык “Бирге жаркыра - Кыргызстан” фестивалын өткөрдү. Фестивалдын негизги максаты болуп, электр энергиясын үнөмдөө жана энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу эсептелет. 10 күн аралыгында лагерде эс алып жаткан балдар электр энергиясын үнөмдөө, электр жабдыктарын туура тандоо жана аларды туура пайдалануу тууралуу маалымат алышты. Фестивалдын катышуучулары “Бүгүн электр энергиясын үнөмдөп, жаратылышты келечекте сактайбыз” аттуу темада сүрөттөрдү тартышып, күндүн нуру аркылуу электр энергиясын бөлүп чыккан, күн батареялары жөнүндө кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Фестивалга Кыргызстандагы энергокомпаниялардын өкүлдөрү да активдүү катышып, балдардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Өз кезегинде энергетиктер иш маалында кийип жүргөн атайын кийимдерден тартып, атайын шаймандарына чейин алып келишип, балдарга шаймандар тууралуу айтып беришип, кызыктуу күн тартуулашты.

 

Алар атайын кийимдерди кийишип, сүрөткө түшүшүп, шаймандарды кармап көрүп, ары жооптуу, ары кооптуу энергетиктердин иши менен жакындан таанышышты. Андан тышкары энергетиктер балдарга электр приборлорун колдонуудагы коопсуздуктар боюнча, электр чубалгыларынын жана устундарынын, электр жабдыктарынын жанында ойноо кооптуу экендигин, бул эрежелерди сактоону жана билүүнү, о.э. кичинекейлерге бул эрежелер тууралуу айтып берүүнү, улууларга эскертүүнү айтышты.

 

МААЛЫМКАТ

Биринчи жолу бул фестиваль 2016-жылы Россия Федерациясында өткөн. 2018-жылы фестиваль эл аралык деңгээлге чыгып Казакстанда өткөрүлүп, 2019-жылы Кыргызстан менен Арменияга эстафета катары өткөрүлүп берилген. «Бирге жаркыра - Кыргызстан» - акциясынын  башкы максаты Кыргызстандын жашоочуларын энергоресурстарга болгон көз карашын өзгөртүп, тиричиликте жана өндүрүштө заманбап энергоэффективдүү технологияларды колдонууга чакыруу.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...