Дебитордук карыздын көлөмү 86,9 млн. сомду түздү...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 26 июня 2020

«Северэлектро» ААКы төлөө маданиятын сактап, электр энергиясына болгон төлөмдү өз убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, чогултулган төлөмдүн көлөмү күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине таасирин тийгизбей койбойт.

Алсак “Северэлектро” ААК 2020-жылдын 5 айына карата 2 млрд. 766 млн. кВт/саат электр энергиясы келип түшкөн, 2019-жылдын 5 айына салыштыра келсек 40 млн. кВт/саатка аз. Мындай айрыманын чыгышы өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу. Анткени бир катар өндүрүш абоненттери ишин токтоткон.

Товардык продукциянын көлөмү  3 миллиард 667 миллион сомду түзүп, 3 миллиард 545 миллион сом же төлөм чогултуу 96,7 пайызга аткарылган.
Бирок беш айдын ичинде дебитордук карыздын көлөмү 705,5 миллион сомду түзгөн. Жыл башынан бери дебитордук карыз 86,9 миллион сомго же
14 пайызга жогорулаган. Белгилей кетүүчү нерсе, электр энергиясы товар сыяктуу, керектелгенден кийин гана компания анын наркын эсептейт.

Эске сала кетсек үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан тарта акционердик коом, өкмөттүн сунушун эске алып, 3 айга карызы бар абоненттерди
өчүрүүнү токтоткон.  

“Северэлектро” ААК электр энергия карызын топтобостон, төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. 

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...