Батыш жана Сокулук райондук электр тармактарында кызматкерлер менен иштөө күнү өттү...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 13 июля 2021

Бүгүн, 13-июлда, "Северэлектро" ААКда кызматкерлер менен иштөө күнү өттү. Ар бир экинчи шейшемби күнү кызматкерлер өзгөчө кырдаалдардан тышкары бардык жумуштардан бошотулат. Бардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери билимдерин кайталап, жаңы нерселерди үйрөнүү үчүн келишет. Ал эми Ишенимдүүлүк жана техника коопсуздук кызматынын (ИжТКК) адистери окутуунун сапатын жана коопсуз иштөө чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү көзөмөлдөп турушат.

Ошондой эле, “Северэлектро” ААКнын Батыш жана Сокулук райондук электр тармактарында  кызматкерлер менен иштөө күнү дагы бир ирэт өткөрүлдү. Өткөн айдагы иштин жыйынтыгы чыгарылды. Андан ары кызматкерлер эмгекти коргоо жана коопсуздук чаралары боюнча буйруктар, көрсөтмөлөр жана башка директивалык документтер менен таанышышты. “Северэлектро” ААКнын коопсуздук кызматынын жетектөөчү инженери Тимурлан Умарбеков Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы ишканалардагы авариялардын себептерин кызматкерлер менен деталдуу карап, мындай окуяларды четтетүү маселелери талкуулады. Учурдагы эрежелерди, нускамаларды, стандарттарды жана башка коопсуздук техникасын кайталанып өттү.

Белгилей кетсек, ар бир түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлер менен иштөө күнүнүн натыйжаларын, авариялык жана өрткө каршы даярдыктардын, полигондорундагы жана муляждар менен машыгуулардын журналдарына киргизилет.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...