"Северэлектро" ААКсы Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында эмдөө пункттарын электрэнергия менен камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат ...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 15 июля 2021

 

Мамлекетибизде учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ошондой эле Улуттук энергохолдингдин буйругуна ылайык, “Северэлектро” ААК эмдөө пункттарын жана коронавирустук инфекцияга каршы вакциналар сакталган жайларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

Ошентип, Чүй облусунда 107, Талас облусунда 97 жана Бишкек шаарында 46 объект, бардыгы 250 вакцина сактоочу жай бар. Компаниянын адистери бул объектилерди текшерип турушат, эгерде кемчиликтер табылса, аларды четтетүү боюнча ыкчам чаралар көрүлөт. Бул объектилерди альтернативдик энергия булактары менен камсыз кылуу маселеси дагы иштелип жатат.

“Северэлектро” ААКнын бардык бөлүмунүн кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

"Северэлектро" ААКсы жарандарды Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык эрежелерин жана сунуштарын сактоого чакырат.

Өзүңүздөрдү сактаңыздар!

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...