“Северэлектро” ААК Бишкек шаарында жана Сокулук районунда мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларын аныктады ...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 09 сентября 2021

“Северэлектро” ААК Бишкек шаарында жана Сокулук районунда мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларын аныктады ...

4 күндүн ичинде “Северэлектро” ААК УКМК кызматкерлери менен биргеликте криптовалюта (майнинг-ферма) чыгарып, мыйзамсыз иштеп жаткан үч объектинин бетин ачты.

4 -сентябрда Бишкек шаарынын, Манас проспектиси, 303 дарегинде жайгашкан, Бишкек ЭЭАсында, №113 абонентин текшерүү маалында контейнерде жайгашкан майнинг-ферма 200 видеокартасы менен табылган жана ошол жерден мыйзам бузуу актысы түзүлгөн.

7 -сентябрда рейддин жүрүшүндө “Северэлектро” ААК кызматкерлери Бишкек шаарынын, Тыныстанов көчөсүнөн  М.Э. аттуу абонентти текшерүү маалында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталган.

Ошол эле күнү Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынан Киров көчөсүнөн электр энергиясын эсептегичтен албай, мыйзамсыз электр энергиясын алып, майнинг ферма иштеткен үй аныкталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 3 объект тең электр энергиясынан ажыратылды, мыйзам бузуу актылары түзүлдү, бардык материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Эске салсак, азыркы учурда Кыргыз Республикасында кубаттуулуктун тартыштыгынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААК майнинг-фермалар үчүн техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган.

Майнинг-фермалар көп электр энергиясын керектешет жана учурдагы электр энергиясынын жетишсиздиги жана суу аз мезгилде тоо-кен иштери 2021-2022-жылдардагы күз-кыш айларынын ийгиликтүү аякташына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...