“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 23 сентября 2021

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...

Бүгүн 22-сентябрь күнү “Северэлектро” ААКында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өттү. Иш-чараны ишкананын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Данияр Мырзабаев кызматкерлерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктап ачып берди.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү катышып, “Северэлектро” ААКнын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара “Бакдөөлөт” фондунун президенти, кыргыз  таануучу Мелис Мураталиевдин “ Эл башчылары жана көсөмдөр” деген темадагы кызыктуу лекциясы менен жыйынтыкталды.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

Бүгүн, 9-августта “Северэлектро” ААКында акционерлердин кезексиз жыйыны өттү.