Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!
Бөлүшүү
Жарыяланган: 24 сентября 2021

Электр энергиясын бүгүн үнөмдөп – келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калалы!

Бүгүн 24-сентябрда “Северэлектро” ААКнын кызматкерлери Бишкек шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча акция өткөрдү. Бул акциянын максаты керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакыруу. Адистер кадимки лампаларды энергияны үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу менен кантип энергияны үнөмдөөгө болорун жөнөкөй мисал аркылуу ачык көрсөтүштү.

“Мисалы, кадимки лампа 1 саат аралыгында 100-150 Вт электр энергиясын керектесе, энергияны үнөмдөөчү лампа 7-15 Вт керектейт. Демек кадимки лампаны, үнөмдөөчү лампага алмаштыруу менен абонент электр энергиясын колдонууну азайтып, үй -бүлөлүк бюджетти толуктай алат”-деп белгиледи электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков.

Белгилей кетсек, электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө жана күтүлүп жаткан кубаттуулуктун тартыштыгына байланыштуу компания калк арасында электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

“Кыргыз тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт  тарыхтан”...

Бүгүн, 9-августта “Северэлектро” ААКында акционерлердин кезексиз жыйыны өттү.