“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү
Бөлүшүү
Жарыяланган: 27 сентября 2021

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү

“Спорт - ден соолук булагы” – демекчи коллективдеги ынтымакты арттыруу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында 25-сентябрда “Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубок болуп өттү. Кубокко “Северэлектро” ААКнын райондук электр тармактарынан жалпы 15 команда катышып, байгелүү орундарга ат салышты.

1-орунду Сокулук РЭТи;

2-орунду Талас филиалы;

3-орунду Батыш РЭТи;

4-орунду Москва РЭТи жеңип алды.

Андан тышкары “Мыкты коргоочу” – деп Батыш РЭТинин электр куроочусу Салмоорбек уулу Марат;

“Мыкты дарбазачы” – Москва РЭТинин диспетчери Роман Козлов;

“Мыкты чабуулчу” – Сокулук РЭТинин электр куроочусу Момункулов Кайрат;

“Мыкты оюнчу” – Талас филиалынын, Бакай-Ата РЭТинин электр куроочусу Айдарбеков Мурат табылды.

Оюн аягында жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Бүгүн, 25-июлда “Северэлектро” ААКнын эмгек жамаатына бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосундагы ротациядан кийин дайындалган райондук электр тармактарынын жана сатуу кызматтарынын жетекчилери тааныштырылды.

Эртең, 31-майдан тарта «Северэлектро» ААК 7 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.