«Северэлектро» ААК 110/10 кВ «Озерная» көмөкчордонун жана 110 кВ “Главная-Кызыл-Аскер” аба чубалгынын куруулушун баштады...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 01 ноября 2021

Жаңы подстанциянын жана 110 кВ аба чубалгасын куруулушу 1989—90-жылдарда Фрунзе шаарынын келечектеги өнүктүрүү планына киргизилген. СССР тарагандан кийин каржылык ресурстардын жетишсиздигинен улам токтоп калган.

Учурда Бишкек шаарынын айланма жолдун (объездная) жана Дордой базарынын аймагында көптөгөн жаны конуштар жана өнөр жай объектилер пайда болду. Аталган конуштарды электр менен камсыздоо “Главная”,“Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” жогорку чыңалуу подстанциялардан жүргүзүлөт, анда 10 кВ аба чубалгынын узундугу 30 чакырымга чейин жетет.

110/10 кВ «Озерная» көмөкчордонун жана 110 кВ “Главная-Кызыл-Аскер” аба чубалгынын куруулушу Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Тендик, Келечек, Мурас -Ордо жаны конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана өнөр жай объектилерди электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Ошондой эле жаңы көмөкчордон учурдагы 220/110/35/10 кВ Главная, Тепличная, Карагачевая, Нижняя Ала-Арча көмөкчордондордун жүктөмүн түшүрөт.

Белгилей кетсек, жаңы көмөкчордондун жана 110 кВ аба чубалгысын урулушу эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу  жүргүзүлүүдө, бул иштер «Северэлектро» ААКнын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 16-ноябрь, шейшенби күнү «Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт.

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү