«Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абоненттерди аралыктан өчүрөт...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 15 ноября 2021

«Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абоненттерди аралыктан өчүрөт...

 

Эртең, 16-ноябрь, шейшенби күнү «Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», « КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр,  төлөм тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

 

 

Пресс-служба ОАО «Северэлектро»

Website: se.kg 

www.facebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

E-mail: severelectro@mail.ru

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

 

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Аталган конуштарды электр менен камсыздоо “Главная”,“Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” жогорку чыңалуу подстанциялардан жүргүзүлөт, анда 10 кВ аба чубалгынын узундугу 30 чакырымга чейин жетет.

“Северэлектро” ААКнын футбол боюнча кубогу болуп өттү