Бүгүн, 28-февралда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана “Северэлектро” ААКнын башкы директору Нурдин Осмонов Ак-Ордо-3, ТЭЦ-2, Алтын-Казык жаңы конуштарынын жашоочулары менен жолугушуп, курулуш иштери жана аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө жаны конуштарда 721 даана электр мамычасы, 6 даана кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотулду жана 40 чакырымдан ашуун өзүн-өзү кармап туруучу аба чубалгылары реконструкцияланды. Айтмакчы, ТЭЦ-2 конушундагы тармактарды куруу жана реконструкциялоо иштери соңуна чыкты, ал эми башка конуштарда курулуш иштери кызуу уланууда. Ал эми Алтын-Казык конушунда куруу, реконструкциялоо иштеринен сырткары абоненттерге бир фазалуу электр эсептөө приборлору орнотулууда.
Белгилей кетчү жагдай, курулуш, реконструкциялоо иштеринин баары “Северэлектро” ААКнын өз эсебинен жасалууда. Жолугушуу жыйынтыгында жергиликтүү тургундар КР Президенти Садыр Жапаровго, Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге жана сапаттуу электр энергиясын колдонууга шарт түзүп берип жаткан “Северэлектро” ААКнын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында КР Президенти Садыр Жапаров Ак-Ордо-3, ТЭЦ-2, Алтын-Казык жаңы конуштарын жашоочулары менен жолугуп, жергиликтүү тургундардын бир катар көйгөйлүү маселелерин угуп, алар жашап жаткан жерди трансформациялоо, электр энергиясы менен камсыздоо маселесин тез арада чечүү үчүн тиешелүү органдарга анын ичинен Энергетика министрлигине да тапшырма берген.