«Северэлектро» ААКнын райондук электр тармактары жаңы атайын техника менен камсыздалды...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 16 марта 2022
«Северэлектро» ААКнын райондук электр тармактары жаңы атайын техника менен камсыздалды...
«Северэлектро» ААК алдыдагы оңдоо иштеринин алдында райондук электр тармактардын (РЭТ) техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда. Шаршемби күнү, 16-мартта, КР Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «Северэлектро» ААКнын башкы директору Нурдин Осмонов бир нече райондук электр тармактарынын башчыларына жаңы атайын техникасын тапшырды.
 
Жаңы 5 GAZon NEXT маркасындагы автоунаалар Сокулук РЭТине, Аламүдүн РЭТине жана үч машина Түндүк РЭТине берилди. Бул автоунаалар райондук электр тармактарынын автопаркынын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналып, бөлүштүрүү тармактардын электр куроочулар бригадасын оңдоо иштери жургүзүлүүчү жерге алып барганга каралган. Жаңы бригадалык автоунаалар энергиядан толугу менен көз карандысыз, жылуулукту сактайт жана автономдук жылыткыч менен камсыздалган. Бул электр куроочулардын кыш мезгилинде иштегенине жакшы шарт түзүп берет.
GAZon NEXT автоунааларынан сырткары «Северэлектро» ААК Түндүк РЭТине ELAZ Эксковатор – жүктөөгүчүнүн ачкычын, Батыш РЭТине жаңы Соболь ГАЗелинин ачкычын тапшырды.
Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо. 

15-апрель, жума күнү жогорку чыңалуудагы 35/6 кВ «Пенько-Джутовая» көмөкчордонуна КРнын энергетика тармагында 35 жыл эмгектенген, өнөр-жай жана энергетиканын отличниги Эсен Жукешовдун ысымы ыйгарылды