Жогорку чыңалуудагы көмөкчордонго КРнын өнөр-жайынын жана энергетикасынын отличниги Эсен Жукешовдун ысымы ыйгарылды
Бөлүшүү
Жарыяланган: 22 апреля 2022

15-апрель, жума күнү жогорку чыңалуудагы 35/6 кВ «Пенько-Джутовая» көмөкчордонуна КРнын энергетика тармагында 35 жыл эмгектенген, өнөр-жай жана энергетиканын отличниги Эсен Жукешовдун ысымы ыйгарылды. Эсен Жукешов эмгек жолун 1976-жылы Нарын электр станциялар ишканасынын релелик коргоо жана автоматика кызматынын инженери болуп иштөө менен баштаган. Эмгек жолунда «Северэлектро» ААКнын Бишкек шаары боюнча техникалык директорунун орун басары жана башкы инженердин орун басары кызматтарын аркалаган. 80-жылдары камволдук-ийрүү фабрикасынын, Чүй нан азыктары комбинатынын жана радиозаводдун Токмок шаарындагы энергетикалык жабдууларын ишке киргизүүгө катышкан.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Эсен Жукешов Быстров электр тармактар ишканасынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, «Кыргызэнерго» ААКнын, «Северэлектро» ААКнын, Бишкек шаарынын мэриясынын, КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин, КРнын өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрликтин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Иш-чарага энергетика тармагынын ардагерлери, «Северэлектро» ААКнын өндүрүштүк кызматтарынын жетекчилери жана адистери катышты.

 МААЛЫМАТ

Пенько-Джутовая жогорку чыңалуудагы көмөкчордону 1960-жылы курулушу аяктап, пайдаланууга берилген. Көмөкчордон шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, 2019-жылы бардык май өчүргүчтөр вакуумдукка алмаштырылса, 2021-жылы көмөкчордон ачык типтен жабык түргө реконструкцияланган.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо. 

«Северэлектро» ААК алдыдагы оңдоо иштеринин алдында райондук электр тармактардын (РЭТ) техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда