Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо. Анын негизинде энергетиктер 5 даана ажыраткыч, 4 тирөөч жана 1 даана комплектүү бөлүштурүүчү түзмөк орнотушту.
Жүргүзүлгөн жумуштар Кок-Жар айылынын тургундарынын электр камсыздоосун жакшыртууга, авариялык өчүрүүлөрдү алдына алууга жана тейлөөнү ыкчам жүргүзүүгө багытталган.