«Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 13 мая 2022

Дүйшөнбү күнү, 16-майдан тарта «Северэлектро» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSТС (Касса-24)», "Megacom", "О!" терминалдары, "О!", "MegaPay", "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банка, «Оптима Банк» жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Аламүдүн райондук электр тармактарында оңдоо иш-чаралары кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 26-апрель күнү, Аламүдүн РЭТнин электр куроочулары Көк-Жар айылында “Көк-Жар” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоодо. 

15-апрель, жума күнү жогорку чыңалуудагы 35/6 кВ «Пенько-Джутовая» көмөкчордонуна КРнын энергетика тармагында 35 жыл эмгектенген, өнөр-жай жана энергетиканын отличниги Эсен Жукешовдун ысымы ыйгарылды

«Северэлектро» ААК алдыдагы оңдоо иштеринин алдында райондук электр тармактардын (РЭТ) техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда