«Түндүк электр» ААКда Эл аралык эне тил күнү белгиленди...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 21 февраля 2018

«Түндүк электр» ААКда 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул күнгө караштырылган  иш-чара,  “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери жана жетекчилеринен сырткары, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Улуттук энергохолдингтин, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлеринин жана "Кыргыз тил" коомунун президенти Раимжан Курбановдун, “Бакдөөлөт” коомдук фонудунун жетекчиси Мелис Мураталиевдин катышуусунда өттү. Иш-чаранын башында 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча райондук электр тармактардын арасынан мыкты кыргыз тил кабинеттерин ачкан Кемин, Кант жана Чыгыш райондук электр тармактарына Мамлекеттик тил комиссия тарабынан китептер берилип, ал эми “Северэлектропрофсоюз” тарабынан акчалай каражат тапшырылды. Коноктордун куттуктоо сөздөрүнөн кийин, кезек катышуучулардын бири-Мелис Мураталиевге узатылды.  Мекенге, тилге болгон сүйүүнү өрчүткөн  Мелис мырза, катышуучуларга кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган, өткөн жолун тастыктаган далилдерди айтып, фактыларды камтыган слайд-шоу тартуулады. Кыргыз жазуусунун пайда болушуна жана тарыхына өзгөчө басым жасаган лектор, ар бир адамдын жүрөгүндө мекенчилдик, патриоттук сезимдерди козгоду.  Ал менен гана чектелбестен, салтанаттуу иш-чарада “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери даярдаган ырларын тартуулашты.  “Түндүк электр” ААКнын башкы директордун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Темиркул Дайыровдун айтымында, мындай иш-чара тарыхый–маданий мурастарды сактап калуунун манилүүлүгүн түшүнүүгө, адистердин замандын талабына ылайык көз караш менен биргеликте кыргыз элинин үрп адаттарын, адеп-ахлагын айкалыштыруусуна жардам берет. Негизи эле, баса бегилей кетчү нерсе, “Түндүк электр” ААК ишканасы мамлекеттик тилге өтө маани берип, тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында райондук электр тармактарда 17 семинар өткөргөн. Ар бир семинарда кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, улуттун негиздери тууралуу лекциялары окулуп, темасына айкалышкан слайд-шоу, кыска метраждуу фильмдер тартууланган. Ал эми 2018-жылдан тарта кызматкерлер менен иштөө күнүнө “Кыргыз таануу” темасы киргизилген.

МААЛЫМКАТ

Эл аралык эне тил күнү (International Mother Language Day) - ЮНЕСКО эл аралык уюму  тарабынан 1999-жылдын 17-ноябрындагы Башкы конференциясында эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгиленген. 2000-жылдан тарта 21-февраль жоголуп бара жаткан тилдерди сактап калуу жана өнүктүрүү, лингвистикалык көп түрдүүлүккө жана көп тилдеги билим берүүгө дем берип кызыктыруу, ошондой эле тил жана маданий салттар жөнүндө маалымат берүүнү жогорулатуу максатында белгиленип келет.  Бул датаны Дакка шаарындагы болгон окуяда полициянын окторунан мерт кеткен студенттердин элесине арнап тандашкан. Анда студенттер өз эне тили-бенгали тилин мамлекеттик тил деп кабыл алынышын талап кылышкан.

ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Бүгүн, 22-декабрда “Северэлектро” ААК 110/10 кВ “Алтын Казык” жогорку чыңалуудагы жаңы көмөкчордонду ишке киргизди.

Сиздерди 22-декабрь - Энергетиктер күнү – кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет.