“Северэлектро” ААКда Нооруз майрамы белгиленди...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 22 марта 2018

Шаршемби күнү, 21-мартта, “Северэлектро” ААКнын Бишкек шаарынын энергия сатуу кызматында Нооруз майрамы белгиленди. Нооруз күнүн майрамдоо бардык каада-салтты камтып, Умай эненин аластоо жөрөлгөсүнөн кийин ачылып, Бакай Атанын батасы менен коштолду. Майрамдын алкагында “Северэлектро” ААКнын катардагы “Кыргыз тил” кабинетин ачылыш аземи да өттү. Мындай кабинетти жасалгалоо көп аракеттерди талап кылаарын белгилеген “Северэлектро” ААКнын Башкы директорунун экономика жана жалпы маселелери боюнча орун басары - Нурбек Бедельбаев, кызматкерлерди кош майрамы менен куттуктап кетти.   

Негизинен программа таймаш сымал өткөрүлүп, кызматкерлер беш командага бөлүндү, алар:

  1. Биринчи май районунун командасы
  2. Свердлов районунун командасы
  3. Октябрь районунун командасы
  4. Ленин районунун командасы
  5. Эсептөө приборун сыртка чыгаруу жана маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган курама командасы

Аталган командалар төмөнкү таймаштардан жарышышты: кыргыз күрөш, ордо оюну (чүкө), шахмат оюну, топ таш оюну, аркан тартыш, гиря көтөрүү (16 кг), алты бакан (селкинчек тээп кыргыз ырларын ырдоо).

Таймаштын көрүүчүлөрү өз командасын жеңишке сүрөөп, катышуучуларга дем-күч берип жатышты. Ал эми спорттук таймаштардан соң, акыркы иш-чаранын конкурсу - “Улуттук тамак-аш жармаңкеси”- өттү. Анда кызматкерлер кыргыздын тамак-аштарын тартуулап, алардын тарыхын, касиеттерин баяндап беришти.

Конкурстар жыйынтыкталып, эсептөө приборун сыртка чыгаруу жана маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган курама командасы биринчи орунга чыкты.

Ал эми экинчи орун - Октябрь районунун командасына,

үчүнчү орун- Биринчи май районунун командасына ыйгарылды

Андан соң, иш-чара кызматкерлердин ар тараптуу таланттарынын коштоосундагы чакан концерттик программа менен уланды. Төкмө акындын ырлары, Нооруз тууралуу эстрадалык ырлар, “Кыз узатуу”, “Тушоо той” салт-санааларын чагылдырган оюн көрүүчүлөрдү кош көңүл калтырган жок. Ал эми ата-энесинин карамагында келген жаш балакайлар үчүн сүрөт тартуу конкурстары уюштурулуп, белектер тартууланды.

Жыйынтыгында, орун алган командаларга баалуу сыйлыктар жана акчалай каражаттар  тапшырылды. Мындан тышкары, активдүү катышкандарга “Северэлектропрофсоюз” тарабынан белектер ыйгарылды.

Мындай иш-чара 20-мартта Сокулук райондук электр тармактарында да өткөрүлдү. "Северэлектро" ААКнын мамлекеттик тил боюнча адиси Толкун Төлөгөнова билдиргендей, "Түндүк электр " ААК Сокулук РЭТ кызматкерлери ар бир үйгө жарык жана жылуулук тартуулоо иштери менен бирге, атадан калган салтты улап, диплому бар артисттерден ашса ашып, бирок кем калышпай театрлаштырылган оюн-зоок, концерт уюштуруп, ырдоо жагынан да, аткаруу чеберчиликтерин да жана улуттук спорттун мыкты чеберлери экендигин көрсөтүштү.    

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Бүгүн, 22-декабрда “Северэлектро” ААК 110/10 кВ “Алтын Казык” жогорку чыңалуудагы жаңы көмөкчордонду ишке киргизди.

Сиздерди 22-декабрь - Энергетиктер күнү – кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет.