Жайкы каникул алдында Панфилов РЭТи балдардын электр травмаларын алдына алуу боюнча бир топ иш-чараларды аткарды...
Бөлүшүү
Жарыяланган: 28 мая 2018

Жыл сайын жайкы каникулдар алдында “Северэлектро” ААК мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде электр травмаларын алдын алуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзөт.  Акционердик коомдун райондук электр тармактарынын өкүлдөрү мектеп окуучулары менен жолугуп, жергиликтүү басылмаларга түшүндүрүү материалдарын чыгарышат. 

Жакынкы арада Чүй облусунун Панфилов районундагы Каинды шаарында Панфилов РЭТ башчысы Абдумалик Марат Панфилов районунун билим берүү бөлүмүндө мектептердин жана бала-бакчалардын директорлорунун чогулушунда сүйлөп чыкты.  Катышып жаткан мектеп жана мектепке чейинки мекемелеринин 34 жетекчилери акционердик коомдун статистикасы менен таанышышты. Абдумалик Мараттын билдируусу боюнча, 2009-2018 ж.ж. арасында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда беш күтүүсүз кырсык катталып, окуучу балдар ар кандай даражадагы электр күйүүлөргө кабылган. Акыркысы быйылкы жылдын 5-майында катталды: Бишкек шаарында алты жаштагы кыз Жумабек менен Уметалиев көчөлөрунүн кесилишинде жайгашкан №3759 трансформатордук көмөкчордонуна кирип кетип,  токко урунду. Бала оор абалында Бишкек шаарынын травматологияны жана ортопедияны илимий-изилдөө борборунуна жеткирилди. Абдумалик Мараттын айтканы боюнча, калктын коопсуздугу үчүн «Северэлектро» ААКнын бардык трансформатордук көмөкчордондору системалык кулпулары менен камсыздалган. Эрежелерге ылайык трансформаторлор жылына эки жолу каралат, бирок, тилеке каршы, так жашаган жери жок жарандар кулпуну жулуп салган учурлар да көп кездешет.  Энергетиктер жарандарды электр жабдуулардын ачык турганын байкашса эсеп-дүмүрчөктө көрсөтүлгөн күнү-түнү иштеген номуруна чалууга чакырат.

Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн жардамы менен мектеп жанамектепке чейинки мекемелеринде электр травматизмди алдына алуу боюнча сабактар өтүлдү. Мисалга, Каинды шаарында Панфилов РЭТтин башчысы жана РЭТтин улук устаты АлтынбекДуйшеналиевВ.И. Козаченко атындагы №1, К. Сулайманова атындагы №2 жана №3 орто билим берүү мектептерине барып келишти.

Энергетиктер балдарды электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелери, электр тогуна урунуу коркунучун эскерткен белгилер менен тааныштырышып, «Электричество-это опасно» темасына презентация уюштурушту. Мындан сырткары, №2 орто мектебинин баштапкы класстары Панфилов РЭТнин базасына келип, түрдүү электр жабдууларды жана оңдоо цехин көрө алышты.

Устат А.Дуйшеналиевдин айтымында, көбүнчө балдар электр жабдуулардын жанында ойноо канчалык кооптуу экенин; электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелерин билүү жана аны сактоо маанилүү экенин жакшы түшүнө беришпейт. Дуйшеналиев окуучуларга кайрылып жатып, алган билимдерин кичүүлөр менен бөлүшүүгө чакырды.

Бөлүшүү
Жаңылыктар категориясынын башка материалдары

Эртең, 16-ноябрь, шейшенби күнү «Северэлектро» ААК 4,6 миңден ашуун абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,1 млн.сом түзөт.

Аталган конуштарды электр менен камсыздоо “Главная”,“Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” жогорку чыңалуу подстанциялардан жүргүзүлөт, анда 10 кВ аба чубалгынын узундугу 30 чакырымга чейин жетет.