УЛУТТУК ЭНЕРГОХОЛДИНГ
Кырг Рус
  • Компания
    • Компаниянын профайлы
    • Компания жөнүндө
    • Компаниянын түзүлүшү
    • Директорлор кеңеши
    • Башкы дирекция
    • Текшерүү комиссиясы
    • Бош орундар
  • Акционерлерге
    • Устав
    • Финансы отчету
    • Уставдык капитал
    • Өнүгүү стратегиясы
    • Корпоративдик башкаруу кодекси
    • Акционерлерге жобо
  • Абоненттерге
    • Абоненттин балансы
    • Прейскурант
    • Нормативдик документтер
    • Тарифтер
    • Калькулятор
    • Суроо - жооп
  • Компаниянын иши
    • Негизги көрсөткүчтөр
    • Инвест долбоорлор
  • Пресс-борбор
    • Жаңылыктар
    • Пландык өчүрүүлөр
    • Суротгалерея
    • Пресса биз жөнүндө
    • Видеосюжеттер
  • Сатып алуулар
    • Тандамдар
    • Сатып алуулар
    • Сатып алуу жобосу
  • Байланыштар
    • Байланыштар
    • РЭТ диспетчерлеринин телефондору
    • Электрондук кабылдама
Суроо - жооп

Уюлдук тиркемелер аркылуу электр энергиянын өчүрүүлөрү тууралуу билдирме жөнөтсө болобу? 

Албетте. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун тургундары электр энергиянын өчүрүлгөндүгү тууралуу билдирмени Facebook, Тelegram, NambaOne тиркемелери аркылуу жөнөтө алышат. Ал үчүн сиз аталган тиркемени уюлдук телефонуңузга Google Play же AppStore тейлөөсүнүн жардамы менен жүктөп алып, издөө сабынын жардамы менен “ОАО “Северэлектро” табасыз. Ал жактан чыккан @oaoseverelectrobot ачып, ага “старт” сөзүн жазып жөнөтүшүңүз керек. Андан соң, абонент өздүк эсебинин номурун жана уюлдук телефонунун номурун 996 коду менен жөнөтүшү керек.

Мисалы: 340043480-996555000000

Эгерде абоненттин участогунда пландаштырылган иштер жүргүзүлуп жатса, бот билдирменин жообуна электр камсыздоонун үзгүлтүкө учураган себебин жөнөтөт. Ал эми электр энергия башка себептер менен үзгүлтүкө учураса, билдирүү автоматтык түрдө табыштама катары калтырылып, көрсөтүлгөн дарек боюнча электр куроочулардын оперативдүү чыгуу бригадасы ирээт тартибинде жөнөтүлөт.

Ошондой эле, электр энергиянын өчүрүлгөндүгү тууралуу билдирмени WhatsApp уюлдук тиркемеси аркылуу 0772-00-12-09 номуруна жөнөтсө болот

МААЛЫМКАТ

Ро́бот же бот- бул адамадарга каралган, интерфейстер аркылуу автоматташтырылган же/жана тапшырманын тартиби менен кандайдыр бир аракеттерди аткаруучу атайынкы программа

 

 

Электр энергиясынын  өчүрүлүшүнүн кесепетинен турмуш-тиричилик техникалары күйүп кетүүдө. Мындай учурларда абоненттерде кандай документтер болушу керек жана консультация алуу үчүн каяка кайрылуусу зарыл?

 «КР Электрэнергетика жөнүндө” мыйзамынын 15 статьясына ылайык Электр энергиясын  токтотуу мөөнөтүн, электр энергия берүүнү узакка созуу фактысы ГОСТтун талаптарына жооп бербесе, андан келип чыккан материалдык чыгым атайын акт менен бекемделет. Акт электр менен жабдуучу ишканалар же КР Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирдикте  кардардын  катышуусунда түзүлөт.
Акты  электр энергиясы өчкөндөн кийин 6 сааттын ичинде түзүлүшү керек.
“Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлү жок учурда, сиз квартал же үй комитетинин төрагасын чакырышыңыз керек.  Албетте ЭТРге телефон чалып, алар менен байланышканга  аракет кылыңыз, ал жерден сиздин диспетчер менен сүйлөшкөн сөзүңүз жазылып калат. Эгерде талаш-тартыш туулуп калган учурда, сиздин ал жердеги жазылып калган сүйлөшкөнүңүз ага далил болуп берет. Сиздин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзүңүз  бир айга чейин сакталат.
Ошондой эле электр колдонуучу мамлекеттик сот экспертизасы борборуна кайрылышы керек, себеби, электр жабдуулардын иштен чыгышына экспертиза жүргүзүлүп, анын себеби аныкталат.
Жогоруда аталган борбор тарабынан жабыркаган электр жабдууларын изилдөөгө кеткен, транспорт каражатына (эгерде ал колдонулган учурда) кеткен чыгымды, эгерде электр берүү ГОСТтун талабына жооп бербегендигин аныкталса,  Электр менен жабдуучу ишкана электр колдонуучунун чыгымын төлөп берет.

Адрес ГЦСЭ: ул. Бөкөнбаева, 97 Тел. 30-32-82

 

 

 

 

Саламатсыздарбы! Бизге ай сайын туум кошулган эсеп-кысаптар келет. Мен мурунку айга атайын ашыкча төлөм жүргүзгөм, бирок эмнегедир бул айда да кайра туум кошулуп келиптир, эмнеге?

Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде (кийин ЭЭПЭ – 9 бап, 94 пункт) жана турмуш-тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун типтүү келишиминде (ЭЭПЭге 2 - тиркеме – 3 бап, 7 пунктка) “Түндүк электр” ААК керектөөчүгө  төлөм мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген ар бир күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык карыздын суммасына туум кошуп эсептөөгө милдеттүү: төлөм мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген ар бир күнүнө карыздын суммасынан 0,1%, бирок,  негизги карыз суммасынан 100% дан жогору эмес.

Туум - мөөнөтүнөн өткөрүп жиберилген төлөмгө гана кошулгандыктан, электр энергияга чыккан эсепти төлөм терминалдарынан жүргүзүүдө, сөзсүз төмөнкү схема менен эсептеңиз.

Мисалы: «Коммуналдык тейлөө -электр энергияга болгон төлөм - Чүй облусу - Сокулук энергия сатуу кызматы – Туумду төлөө»

Себеби, керектелген электр энергиянын эсеби автоматтык түрдө эсептелет, демек, программа сиз жүргүзгөн  ашыкча төлөмдү кийинки айдагы электр энергияга болгон төлөмдөргө кошуп коет. Абоненттер энергия сатуу кызматынын кассасынан же болбосо, бардык төлөм терминалдардан сунушталган схема боюнча туумду өзүнчө төлөшү керек.

Абоненттер кызыктырган суроолоруна иш күндөрү саат 8:00 дөн 17:00 гө чейин  33 88 22 номурундагы  “Түндүк электр” ААК сапаттуу тейлөө борборуна чалуу менен жооп ала алышат  

 

 

 

 

 

Саламатсыздарбы! Мен жашап жаткан үйүмө үч фазалык киргиге техникалык шарт алайын дедим эле, шарттары кандай?

Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик абоненттери (физикалык жактар) Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан Тейлөө борборуна;

в Чүй облусундагы абоненттер – Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Чкалов көчөсү 3 дарегинде жайгашкан “Северэлектро” ААКнын Сапаттуу тейлөө боюнча борборуна төмөнкү документтерди алып кайрылуусу керек: 

  • паспорт;
  • сатып алуу-сатуу келишими, мүлктү тапшыруу келишими, мураска ээ болуу укугу тууралуу документ;
  • техникалык паспорт;
  • жер участогуна мамлекеттик акт
Биздин байланыштар:
oaoseverelectro@mail.ru
Call-центр: 1209

722160, Чүй обл.,Аламүдүн р., Лебединовка а., Чкалов к., 3
Тез шилтемелер
  • Суроо - жооп
  • Сатып алуулар
  • Байланыштар
  • Электрондук кабылдама
Жол картасы
© 2022 "Түндүкэлектр" ААК